WhatsApp колдонуучулары жаңы шартка макулдук бербесе, билдирүү жөнөтө албайт

WhatsApp колдонуучулары 15-майга чейин купуялуулук боюнча жаңы шарттарга макулдук бербесе, билдирүү жөнөтө албайт жана келбейт.

Алардын аккаунту “активдүү эмес” деп көрсөтүлөт. Активдүү эмес аккаунтту 120 күндөн кийин өчүрүүгө мүмкүн. Колдонуучуларга чалуулар жана каттар кыска мөөнөткө гана келип турат, бул бир нече аптага уланышы мүмкүн деп кабарлады TechCrunch.

WhatsApp өзүнүн пландары тууралуу январда жарыялаган эле. Коомдук сайттарда колдонуучулар арасында нааразылык айтылып, WhatsApp өзүнүн башкы компаниясы Facebook менен жеке маалыматтарды бөлүшүп жатат деген дооматтар болду. Көп өтпөй WhatsApp түшүндүрмө берип, жаңы шарттардын максаты – компаниянын колдонуучулары үчүн акча которууларга ылайыкталган программа орнотуу болгонун билдирди.

WhatsApp өзүнүн башкы компаниясы менен азыр эле колдонуучулардын IP дареги боюнча маалыматтарды бөлүшөт. Мессенжерге кирген гаджеттер тууралуу маалымат, платформа аркылуу ишке ашкан сатып алуулар боюнча маалыматтарды берип турат.

Бирок Европа менен Улуу Британияда жеке маалыматтарды колдонуу боюнча башка мыйзамдар бар. WhatsApp тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр ал өлкөлөрдөгү колдонуучуларга таасир этпейт.

WhatsApp биринчи жарыясын тараткандан кийин эле миллиондогон колдонуучулар платформадан баш тартып, Telegram, Signal жана башка купуялуулукту, жеке маалыматтарды коргоону убада кылган мессенжерлерди жүктөп алышты.

WhatsApp жаңы саясатты киргизүүнү кийинкиге калтырды жана колдонуучуларга бара турган өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлоо ыкмасын өзгөртүүгө мажбур болууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.