“Яндекс такси” 2021-жылдын январь-август айларында канча салык төлөгөнү айтылды

2021-жылдын январь-август айларында “Яндекс Такси” жергиликтүү өнөктөш компаниясы тарабынан 3 млн 727 миң сом резидент эместин кирешесине салык төлөнгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2018-жылы такси кызматы боюнча резидент эместин кирешесине салыктын түшүүсү 677,5 миң сомду, 2019-жылы – 687,8 миң сомду, 2020-жылы – 454,6 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, “Яндекс Такси” тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде иштеши керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru