Япония Индонезияга аскер кемелерин сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Япон өкмөтү Индонезия менен аскердик кемелерди ал өлкөгө сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Japan News гезити 5-ноябрь, бейшемби күнү расмий булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Кеп Япониянын деңиз флоту 2022-жылы алууну пландап жаткан 30FFM көпфункционалдуу ракеталык фрегаттар долбоору жөнүндө болуп жатат.

Индонезия төрт аскер кемесин алат жана технологиялык трансферт аркылуу кеме куруучу заводдорунда дагы төрт кеме курат деп күтүлүүдө. Келишимдин жалпы суммасы болжол менен 2,9 миллиард долларга бааланган. 3,9 миң тонна көлөмүндөгү 30FFM фрегаттары ракеталык жана замбиректер менен куралданган, ошондой эле деңиздеги мина талааларын жок кылуучу робот жана палуба тик учагы менен жабдылган. Азыр алар Япониянын Mitsubishi Heavy Industries корпорациясынын верфтеринде курулуп жатат. 16-сентябрда Японияда өлкөнүн жаңы премьер-министри Ёшихидэ Суга өкмөтү түзүлдү. Синдзо Абэнин министрлер кабинетинин көпчүлүгү кызмат орундарын сактап калышты. Ошол эле күнү Йошихиде Суга Өкүлдөр палатасында өткөн добуш берүүдөн кийин өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп, ага 465 депутаттын 314ү добуш берди. Октябрь айында Суга Индонезияга расмий иш сапары менен барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, дал ушул учурда Индонезияга жапон куралдары менен технологияларын жеткирүү маселеси көтөрүлгөн. Эгер макулдашууга жетишилсе, анда бул Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки бардык мезгил ичинде Япониядан чет өлкөгө биринчи ири көлөмдөгү курал-жарак жеткирилет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru