Япониядагы “Diamond Princess” лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болду.

Япониядагы “Diamond Princess” лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон бир эркек жана бир аял киши болжол менен 80 жашта болгон. Учурда алардын улуту, качан жана кантип ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат айтыла элек.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү лайнерден алгачкы жүргүнчүлөр түшө башташкан. Алар эки жумалык карантинде болуп, илдеттин белгилери байкалбагандар кемеден чыгышкан.

Шаршемби күнү кемени 443 жүргүнчү таштап кеткен.

Япониянын Иокогама шаарындагы портто турган “Diamond Princes” лайнеринде 621 адам коронавирусту жуктуруп алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru