Япониялык учкуч АКШда машыгуу учурунда көз жумду

АКШнын Алабама штатында Япониянын Абадан өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учкучу машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу NHK телерадиокомпаниясы билдирүүдө.

АКШнын аба күчтөрүнө таандык Т-38 модификациялуу учагы Монтгомери аэропортунан 3 чакырым алыстыктагы токойлуу жерге кулап түштү.

Кырсыктан эки адам каза болду: америкалык инструктор жана улук лейтенант наамына ээ болгон япон учкучу. Ал АКШга учкучтук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн иш сапарына жөнөтүлгөн.

Учурда Япониянын Коргоо министрлиги окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.