Япониянын ар бир жаранына карантин маалында ай сайын миң доллардай төлөнүп турат
Япония коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
⠀
Маалыматка ылайык Премьер-министр Синдзо Абэ 16-апрелдеги телекайрылуусунда мындай режим бери дегенде 7-майга чейин сакталарын айтты. Ал муну оору тарап жатканы менен негиздеди.
⠀
Өкмөт башчы оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу керектигин белгиледи. Өлкөнүн ар бир жаранына карантин маалында ай сайын миң доллардай төлөнүп турат.
⠀
Белгилей кетсек, Япония бийлиги Токио баштаган жети аймакка 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизген. Өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө бир триллион долларга жакын каражат бөлүнөрүн билдирген.
⠀
Акыркы маалымат боюнча, Япония коронавирус 8,5 миңден ашык адамдан аныкталды. Ал эми илдеттен 178 киши көз жумду.
⠀