народный

Ырчы 1 миллион доллар бөлүп берди

“COVID-19” коронавирусун дарылоо адистери менен диагностикасына 60 миллион долларга жакын каражат жумшалат.

Белгилүү ырчы Мадонна жаңы коронавирус инфекциясынын вакцинасын издөө максатында курулган “Bill & Melinda Gates Foundation” кайрымдуулук фондуна 1 миллион доллар берди.

“Бул акча фонддун өзүнө эмес, “Gates Philanthropy Partners” шериктештер башкарган “COVID-19″ фондуна түшөт”, – деди уюмдун өкүлдөрү.

Ал эми ырчы өзүнүн веб-сайтында “COVID-19” илдетин алдын алууга жана аны дарылоого дары-дарымектерди табууга аракеттенген “Bill & Melinda Gates Foundation” фондун колдоорун маалымдады. Ошондой эле, дарыгерлер менен окумуштууларга ыраазычылык билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru