Ырчы Курал Чокоев сайт ачтым, кыймыл түздүм деп жалган айттыбы? Же “ МЕКЕНИМ” кыймылына ким лидер?

Мындай  билдирүүнү  Фейсбук колдонуучу  Азамат Абасканов өзүнүн баракчасына жазып чыкты:

“Учурда  шоу бизнес өкүлдөрү коронавирус дартына байланыштуу үйдө олтурган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришүүдө. Ал эми  ырчы Курал Чокоев дагы өзүн лидер катары көрсөтүп жергиликтүү басылмаларга кыймыл түзүп, сайт ачканын кабарлаган.  Бирок сайттын чыныгы аталышын, кыймылга ким лидер ким мүчө баарын ачыктап берген эмес. Кыймыл түзгөнгө жараша ал мыйзамдуу болушу шарт. Анын мөөрү, лидери жана эң башкысы Адилет министрлигинен каттоодон өтүшү керек. Кыймыл түздүм деп айтып коюу туура эмес. Демек ырчынын бул кадамы туура эмес. Жада калса ал канча адам кантип кайрылганын да тастыктабай эле “мени уктатпай калышты”-деп койгон.

 Эгерде  чын эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө башкалар акча чогултуп ал  жардамды жеткирип бергиси келсе, биринчи эле авто унаасына ПРОПУСК  алышы керек эле. Аны да көрсөтө алган эмес. Пропуск алган күндө дагы ал жөн гана чогулган акчаларга азык-түлүк алып жарандарга жеткирип берчү ыктыярчылык милдетти гана аткармак”-дейт ал.

Кошумчалай кетсек шоу бизнес өкүлдөрү бири-бирине эстафета кылып  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп жатышат. Алардын катарында  Курал Чокоев дагы бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru