Ырчы Нурмат Садировдун концерти өтпөйт. Билеттерди кайтарып алышабы?

Ырчы Нурмат Садыров эртең 10-апрелде Москва шаарында концерт бермек. Кырдаалга байланыштуу аталган концерт кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

“10-апрелде Москвада чоң залда концертибиз болмок эле. Эми жылдырылды. Кырдаалга байланыштуу онлайн билет сатып алгандар ошол эле билетиниздер жарактуу. Сиздер менен жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтөм!”,-деп эскертти ырчы.

Кошумчалай кетсек, ырчы Нурмат Садыров 1988-жыл 19-октябрда туулган. “Торгоюм” деген ырды заманбап стилде ырдап чыгып ал хитке айланган.Учурда анын аткаруусундагы ырларды сүйүп уккан күйөрмандары миңдеп саналат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru