Ырыс Окенова: ” Дөөлөт 12 сааттан ашык бир тамчы суу уурттабай айтканга даярданып жатат”


2020-жылдын 12-ноябрында Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-14 саат бою тынбай “Манас” айтып, Гиннес китебине катталууну көздөп турат. Бул тууралуу “ KOOM PRESS” сайтына манасчынын жубайы Ырыс Окенова комментарий берди.


Жолдошум “ Манас” айтып, Гиннес китебине манасты каттатуу тууралуу ой багып жургөн. Биринчиден, манасчы болгондон кийин негизги миссиясы,көздөгөн максаты-манасты таанытуу да. Дөөлөт өзү салттуу манасчылыкты аркалаган манасчы болгондуктан кийин, ага узак айтуу,арбытып айтуу өтө маанилүү. Ал эми экинчиден, элди ынтымакка чакыруу, маайдаланбай улуулукка багыт алуу, ушул өнөрдү дөйнөгө таанытып, биз менен сыймыктана турчу эл бололу деген ниет менен уюштурган иш-чарабыз ушул учурга туура келди. Акыркы окуялардан кийин чет элде биз жөнүндө терс пикирлер тарап кетти, бирок биз чынында кандай элбиз,мына ошол жөнүндө жар салышыбыз керек. Мисалы манасчыларды алсак, жаттабай ошончо сапты төгүп айтат. Мындай көрүнүш эч бир жакта жок.
Ал эми даярдыктары тууралуу айтсам, 12 сааттан ашык ордунан турбай,баспай,бир тамчы суу уурттабай,тамак жебей,колунан келишинче даярданып жатат. Мен үчүн анын ден соолугу,отурган орду, ошол жердин ыңгайы,коопсуздугу маанилүү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru