Ысык-Көл өнүктүрүү фонду коронавирусту алдын алууга 12 млн сом бөлөт
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу жана контролдоо үчүн 12 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу фонддун байкоо кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Фонддун маалыматына ылайык, анын ичинен 5 район жана 2 шаарга 1 млн сомдон, штабга – 5 млн бөлүнөт.
Каражаттар медициналык мекемелерге зарыл болгон жабдууларды, медиктер үчүн жеке керектелүүчү жана медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат.