Ысык-Көл форелин жасалма жол менен көбөйтүү чаралары көрүлүп жатат
Балык чарба департаментине караштуу Ысык-Көл облусунун Тоң балык өстүрүүчү жайында Ысык-Көл форелин жасалма жол менен көбөйтүү чаралары көрүлүп жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы 28-октябрда 18 ургаачы Ысык-Көл форелинен 32 миң жумуртка алынган. Жумуртка личинкаларын алуу үчүн инкубаторлорго салынат.