Ысык-Көл марафонун кимдер жеңди?
Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Ысык-Көл марафону өттү.
Ага 22 өлкөнүн өкүлү, тактап айтканда, 3 миңден ашуун профессионал жана сүйүүчү жөө күлүктөр катышты.
Байге фонду — 1 млн 534 миң сом. Ал марафон жана жарым марафон чуркап, байгелүү орундарды ээлеген спортчулардын арасында гана бөлүштүрүлүп берилди.
Байгелүү орундарды ээлеген жөө күлүктөр:
– кыз-келиндер арасында 42 км 195 м чуркагандар:
1-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан, убактысы – 2:46:14, байгеси – 200 миң сом;
2-орун – Галина Якушева, убактысы – 3:14.02, байгеси – 100 миң сом;
3-орун – Юлия Фернас, убактысы – 3:18.33, байгеси – 70 миң сом.
– мырзалар арасында 42 км 195 м чуркагандар:
1-орун – Шохрух Давлатов, Өзбекстан, убактысы – 2:26.01, байгеси – 200 тыс. сомов;
2-орун – Илья Тапкин, Кыргызстан, убактысы – 2:29.46, байгеси – 140 тыс. сомов;
3-орун – Бердигул Айтпай уулу, Кыргызстан, убактысы – 2:33.36, байгеси – 100 тыс. сомов.
– кыз-келиндер арасында 21 км 97 м чуркагандар:
1-орун – Евгения Прокофьева, Украина, убактысы – 1:19.21, байгеси – 70 миң сом;
2-орун – Ольга Немогай, убактысы – 1:27.58, байгеси – 50 миң сом;
3-орун – Гүлшанай Сатарова, убактысы – 1:22.33, байгеси – 30 миң сом.
– мырзалар арасында 21 км 97 м чуркагандар:
1-орун – Нурсултан Кеңешбеков, Кыргызстан, убактысы – 1:07.06, байгеси – 70 миң сом;
2-орун – Ракымжан Келманов, Казакстан, убактысы – 1:08.43; байгеси – 50 миң сом;
3-орун – Сергей Платонов, убактысы – 1:08.56, байгеси – 30 миң сом.