Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кол салуусу көбөйдү
Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукттуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова ата-энелерге кайрылуу жолдоду. Мындай маалыматты аталган облусттун маалымат кызматы билдирди:
“Учурда балдар ата-энелердин карамагында 14 саат болушууда. Мен аларды балдардын психологиясына карап, урушпай мамиле кылууну суранам. Мына, аз күндүн ичинде 11-14 жаштагы 5 бала өмүрүнө кол салды. Алар Балыкчы, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорунун окуучулары. Ушундай учурда окуучуларыбыздан айрылып жатканыбыз абдан өкүнүчтүү. Балдарга сак болууңуздарды өтүнүч кылабыз”-деп айтылат кайрылууда.
Эскерте кетсек билим берүү жана илим министрлигинин кырдаалга жараша буйругунан улам, балдар сабакты онлайн окушууда