Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге 9 тез жардам унаасы тапшырылды-(ФОТО)

Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 9 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардм унаалары төмөнкү ооруканаларга берилди:

– Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына 1 даана;

– облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 2 даана;

– Түп райондук ооруканасына 2 даана;

-Тоң райондук ооруканасына 1 даана;

– Балыкчы шаардык ооруканасына 1 даана;

– Ананьево айылдык жалпы дарыгерлик практика борбору 1 даана;

– Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборуна 1 даана.

Leave A Reply

Your email address will not be published.