народный

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кырсыкка учурап, ооруканага түштү

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгынан кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облусттун ИИБи билдирди.

Жол кырсык 23-ноябрда эртең менен Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында болгон. Toyota Land Cruiser Prado унаасынын айдоочусу, Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну К.Б. башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде отурган облус жетекчи Жантаев жаракат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

Бул факт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын КЖБРне катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru