Ысык-Көл районунда баңгизат ташыгандыгы үчүн эки адам кармалды

Ысык-Көл облусунда «Транзит» операциясы жүрүп жатат, деп билдирди РИИБ.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунда баңгизатын (марихуана) ташыгандыгы үчүн эки адам кармалган.

Алар 1994-жылы туулган М.уулу К. жана 1978-жылы туулган Ч.У. болгон. Экөө тең Бишкек шаарынын тургундары.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.