Ысык-Көлдө үй карантинин бузган 8 жаран үчүн бир айыл эли изоляцияга алынды

Ысык-Көлдө үй карантинин бузган 8 жаран үчүн бир айыл эли изоляцияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, ал 8 жаран чет өлкөдөн келип, үй карантининде болгон. Бирок алар үй карантининин шарттарын бузушкан.

“Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды”, – деп билдиришти штабдан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru