Ысык-Көлдө 10 айда 211 өрт кырсыгы катталып, келтирилген чыгым 46 миллион сомду түздү
Ысык-Көл облусунда өрттүн кесепетинен 182 миллион сомдун товары сакталып калды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, аймакта 2020-жылдын 10 айында 211 өрт кырсыгы болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6% га азайган. Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 46 млн сомдон ашык сумманы түздү, өрттөн 1 адам каза болду.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өрт-куткаруу бөлүмдөрү тарабынан 182 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык баалуулуктар жана эки адамдын өмүрү сакталып калды.
Өрттүн негизги себептери:
– отко этиятсыз мамиле кылуу – 29 өрт, бул жалпы сандын 42% түзөт;
– электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 44 өрт, бул жалпы сандын 17% түзөт;
– жылытуучу мештерди жана морлорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 8 өрт, бул жалпы көлөмдүн 5,3% түзөт;
– балдардын оюнунан чыккан өрт – 27 өрт, бул жалпы санынын 35% түзөт.