народный

Ысык-Көлдө 108 адам үй карантинине чыгарылды, 84 адам обсервацияда жатат

Ысык-Көлдө 108 адам үй карантинине чыгарылды, 84 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө жалпысынан 195 адам обсервацияда болуп келген. Алардын ичинен 108 адам обсервациядан эки жумалык үй карантинине чыгарылды. Алардын экинчи этаптагы анализдеринен COVID-19 табылган эмес. Учурда 84 адам обсервацияда калууда.

“Ал эми 3 адамдын анализдеринен коронавирус табылгандыгына байланыштуу алар инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жаткырылган”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru