Ысык-Көлдө Бүбайым Жээнбаеванын элесине арналган мемориалдык такта коюлду

Ысык-Көл облусунда коронавирусунан каза болгон ҮМБнын башчысы Бүбайым Жээнбаеванын элесине арналган мемориалдык такта коюлду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештеринин бири билдирди. Эстелик тактасы Бүбайым Жээнбаева 26 жыл иштеген Чолпон-Ата шаарындагы ҮМБдин имаратына орнотулган. Ачылышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери жана туугандары катышты. Бүбайым Жээнбаева 3 ай мурун 61 жаш курагында көз жумган. 15 күндүн ичинде ал коронавирустун айынан 3 жакын тууганынан айрылды. Иш-чаранын катышуучулары анын жогорку кесипкөйлүгүн жана адамгерчилигин белгилешти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru