Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 2-ноябрда, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлери Ысык-Көл облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абировага каршы митингге чыгышты. Митингге мектептердин, бала бакчалардын директорлору, мугалимдер катышты. Алардын айтымында, Абирова бул кызматта көп жылдар бою иштеп, коррупциялык схемаларга аралашкан. Айрым мугалимдердин аны менен болгон конфликти көптөн бери созулуп келе жатат. Эки жыл мурун, ал айрым директорлорду жумуштан мыйзамсыз бошоткон деп айыпталган. Чуулгандуу окуядан кийин ал кызматтан кеткен, бирок ушул жылдын 20-октябрында Билим берүү министрлигинин чечими менен ал кайрадан жумушуна киришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru