народный

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө таңкы саат 6.49да катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Саз, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru