народный

Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун 51 жаштагы мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө майда бейбаштык үчүн УКТнын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Тоӊ РИИБне Бөкөнбаев айылынын 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылды. Өзүнүн арызында, 6-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын алдында митинг өтүп жаткан учурда, митинге катышып жаткан адамдын бири оозго алгыс сөздөр менен сөгүнө баштаганда, сөгүнбөй пикирлериӊерди айткыла деген эскертүүсүн, агрессивдүү кабыл алып, аны бир нече жолу уруп ийгенин көрсөткөн.

Аталган арыз Тоӊ РИИБдин КЖБРне катталып, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу денеге келтирилген зыян – жеӊил квалификациясына кирерин көрсөткөн. Ушундан улам, райондук милициянын жоруктарды тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 119 (Майда бейбаштык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин башташкан.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, КР ИИМдин превентивдүү ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган, Бөкөнбаев айылынын 51 жаштагы тургуну И.У. болуп чыкты.

Кармалган шектүү адам, эч жака чыкпоо тил катында калтырылды. Тергөө иштери уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru