Ысык-Көлдө пенсионер өз үйүндө зордукталган. Жабырлануучу кылмышкерди кечирди

Ысык-Көл облусунун Михайлов айылында жаран картаң айылдашынын үйүнө кирип, аны зордуктаган. Түп райондук соту аны коомдук жумуштарга тартууга өкүм чыгарган. Токтом Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Аттары өзгөртүлдү.

Аталган токтомдо, Кожобек атту жаран 1953-жылы туулган Айгул атту айылдашынын үйүнө терезе аркылуу кирген. Андан соң ал аталган аялды күч колдонуп зордуктап, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Сот отурумунун жүрүшүндө күнөөсүн толук мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын айыпталуучунун жактоочусу билдирген.

Ал эми жабырлануучу кылмыш ишин токтотууну өтүнгөн. Ал айыпталуучуну кечиргенин жан ага карата эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Жыйынтыгында Кожобекти 280 саатка коомдук жумушка тартуу өкүмү чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru