Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда 6-апрелде саат 04:59да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Эчкили-Таш айылынан түндүк-батышты карай 12 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 16 чакырым, Жыргалаң айылынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан чыгышты карай 76 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү калк жашаган аймактарда – Эчкили-Таш айылында – 3,5 балл, Кең-Суу айылында – 3 балл, Жыргалаң айылында -2,5 баллга чейин сезилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru