Ысык- Көлдөн келген 14 адам абсервацияда жатат

Ысык-Көл облусунан Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген 14 адам обсервацияга жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-13-мартта Сауд Арабиядан учуп келгендердин ичинен 18 адам Ысык-Көлдөн болгон.

“18-марттан тарта 14 адам облустагы обсервацияда жатат. Калган 4 жаран Бишкекте жашагандыктан шаардык обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле облустук штаб Саламаттык сактоо министрлигине 4 жаран шаарда кимдер менен жакын байланыш түзгөнүн аныктоо боюнча маалымат берген”, – деп айтылат маалыматта.

Кичи ажылыктан келгендер менен байланыш түзгөн 1 миң 702 адам аныкталган. Алардын баары дарыгердин көзөмөлүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru