Юридикалык жактарды каттоодо так эмес маалыматтар тапшырылган учурда айып пул салууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды. Сунушталган мыйзам долбоору КР Бузуулар жөнүндө кодексиндеги кемчиликтерди “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоопкерчилиги менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу жоюу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик реестрди актуалдуу абалда кармоого жана юстиция органдарынын анык маалыматтарды жарандардын, юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, анын ичинде, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча берүүсүн камсыздоого багытталган.

Долбоордо юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоосуз жана мамлекеттик кайра каттоого алып келбөөчү маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу кабарламасыз ишти жүзөгө ашырылса, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон, так эмес маалыматтарды тапшырылса 1-категориядагы айып пул салууга алып келери айтылган.

Депутат Марлен Маматалиев юридикалык жактарды каттоону дагы жөнөкөйлөтүүнүн ордуна айып пул салуу ашыкча экенин айтты. Ошону менен катар юридикалык жактарды электрондук каттоого алууга өтүү туура экенин, мында туура эмес маалымат киргизүүгө аракет кылса, автоматтык түрдө кирбестигин кошумчалады.

Бул багытта бир катар ой-пикирлер айтылган соң, мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru