Юрист: Бакиевдин убагындагы тыңшоолор кайталана баштады

Телефону мыйзамсыз түрдө тыңшалган саясатчылар, депутаттар унчукпай калып жатканы өкүнүчтүү. Мындай пикирин юрист, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин далай адамдардын: депутаттардын, көрүнүктүү саясатчылардын, кийин мамлекет башына келген адамдардын телефондогу сүйлөшүүлөрү тарап кеткен учур болду.

«Бирок ошолордун бири дагы бул маселени көтөрүп чыккан жок. Бул сүйлөшүүнүн баары каяктан чыгып атат, ким таратып атат деген жок. Тыңшаган күндө дагы булар мыйзам боюнча кылмыш ишине тиешелүү нерсени гана тыңшап, калганын жок кылышы керек эле. Ал эч жакка тарабаш керек, чыкпаш керек. Булар тескерисинче маалымат топтоп алып, убакыт өткөндөн кийин ошол эле маалыматты саясий максатта, каралоо, компромат, шантаж максатында колдонуп жатышат. Бул терең сиңип калган ыкма болуп калды. Жеке адам жөнүндө кандайдыр бир терс маалымат чогултушат да, ошо менен шантаж кылып жатышат. 

Саясатчы болобу, же жеке жаран болобу, эч ким, эч кандай шарттарда, эч кандай негиздер менен бирөөнүн жашоосуна киришүүгө акысы жок Атайын кызмат киришүүсү мүмкүн, бирок соттун чечими менен гана. Ошол себепетен мындай учурларды коомчулукка чыгарыш керек, ЖМКларга билдириш керек. Резонанс жаратса, коопсуздук кызматтары бир аз тизгинин тартат эле», — деген ойдо Сооронкулова.

Ал мындай көрүнүш Бакиевдин убагында көп болуп келгенин, эми кайра кайталанып жатканын кошумчалады.

Булак: “Марал” радиосу

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru