Юристтер: Конституциянын жаңы долбоорундагы 80 өзгөртүүнүн 31и кооптонуу жаратат

Кыргызстандагы юристтер коомчулугунун өкүлдөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы 80 өзгөртүүнүн 31и мыйзамдык, саясий жактан коркунуч жарата турганын айтып чыгышты.

Бул тууралуу алар 2-мартта Бишкекте өткөн брифингде билдиришти. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева тобокелчилик туудура турган жоболорду атады:

“Мурдагы реформада Конституцияга 61 өзгөртүү сунушталган эле. Азыр 80 өзгөртүү киргизилүүдө. Анын бир катары мыйзамдык баш-аламандыкка алып келиши мүмкүн. Анда ачык сөз, жарандардын тынчтык митинг, жыйындарды өткөрүшү боюнча жоболор толугу менен каралып, кандайдыр бир чектөөлөр коюлуп жатат. Бул демократиялык баалуулуктарга каршы келет. Экинчиси, парламент системасындагы коркунуч. Анткени, азыркы Конституция менен эки эле институт мыйзамды демилгелей алат. 10 миң адам же Жогорку Кеңештин депутаттары. Жаңы долбоордо мыйзамды демилгелөө жараяны жеңилдетилип, ким каалагандай мыйзамды сунуштап жатат. Мындай жобо мыйзамдык баш-аламандыкка алып келиши мүмкүн. Себеби, мындай укук элдик курултай, Жогорку сот, прокуратура, президент жана министрлер кабинетине берилүүдө. Андан кийин, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөнү менен жоопкерчилик күчөтүлбөй, импичмент бойдон калып кетиптир. Импичмент үчүн 45 депутат чечим чыгарып бериши керек. Андан тышкары прокуратура, Конституциялык сот чечим чыгарышы керек. Эмне үчүн бизде мамлекеттик төңкөрүштөр болду. Анткени, импичмент жараяны өтө татаалдашкан. Эл өзүнүн пикирин мыйзамдуу түрдө билдире албастан, төңкөрүш жолу менен көрсөтүп келген. Жаңы долбоордо импичмент жараяны оңойлоштурулуп, ар бир бийлик бутагы өзүнчө иштей турган механизм түзүлүшү керек болчу. Бирок ал жокко чыгарылып, бардык нерсе президенттик институтка байланып калган. Мисалы, парламент нотариус катары калып калыптыр”, – деди Эргешбаева.

Бийлик Конституциянын жаңы долбоорун быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети көрүлүп жатканын айтышууда.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүштүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айткан.

Долбоор ушул жумада Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде, андан кийин жалпы жыйынында каралары күтүлүп жатат. Документтин акыркы варианты азырынча коомчулукка жарыялана элек. Ал Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.