“Ювентус” менен “Миландын” оюну жылдырылды

Футбол боюнча Италиянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде “Ювентус” менен “Милан” командалары оюн өткөрмөк. Бирок, коронавирустан улам оюн жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, беттештин жылдырылган күнү азырынча белгисиз. Оюн эртең, 5-мартта Туринде өтмөк.

Италияда буга чейин да бир катар футболдук беттештер жылдырылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Италияда 2 миң 502 адам жуктурса, 79 адам көз жумган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru