Зарылбек Рысалиев Өмүрбек Текебаевди Жусуп Абдрахмановдой болууга чакырды
Бул тууралуу ЖКнын жыйынында Зарылбек Рысалиев билдирди: «Өмүрбек Текебаев, ар бир депутаттын оюн билгенин айтат. Бирок сен өзүңдү билесиңби? Өзүңдүн сүрөтүңдү көрдүң беле? Бизди Түркмөнстан менен салыштырба. Биз, Манастын урпактарыбыз андай нерсе менен коркутуп-үркүтүүгө болбойт. Жусуп Абдрахманов кыргыздын мырзалары жөнүндө жазган, ушундай мырза бол. Бизди Түркмөнстан менен салыштырба»-деди ал.Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев эгер Конституция өзгөрбөсө өлкө Түркмөнстандай болуп калаарын эскерткен.