народный

Зеленский Ангела Маркельден кандай жардам сурады?

Украинада ооруну жуктуруп алгандардын   саны  өсүп жаткандыгына байланыштуу, Германиянын канцлери Ангела Меркельден Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, Киевди COVID-19га  каршы вакцина менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн сурады. Бул тууралуу Украинанын президентинин расмий сайтына маалымат жайгаштырылды.

“Мен коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоону пландаштырууда Украинанын кызыкчылыгын эске
алуу боюнча сизден жардам сурайм” – деп билдирген Зеленский.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Меркел Зеленскийдин тез сакайып кетишин каалаган.

Буга чейин Владимир Зеленский коронавирус жуктуруп алганын билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru