Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө-(ВИДЕО)

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп,качып кетти. Бул тууралуу  борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 20.52 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаанын айдоочусу 47 жаштагы кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада, ар кандай жаракаттарды алган жабырлануучу ооруканага кайрылган.

Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери айдоочуну издөөнү улантышууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru