Жаңы-Ачы айылында узак оорудан каза болгон аял аз гана адамдын катышуусу менен жерге берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Ачы айылында узак оорудан каза болгон аял аз гана адамдын катышуусу менен жерге берилди. Жаназага жакын туугандары жана кошуналары гана катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында эч кандай союш союлган жок. Тамак-аш жайылбады.

«Урматтуу жамаат мындай өзгөчө кырдаал учурунда гана эмес ар дайым шарияттын талабына ылайык маркум узатууга чакырып кетем. Ысырапка жол бербей, Куран окуп турсак анын сообу ошончолук тиет», – дейт айылдын имамы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru