Жаңы антирекорд: Дүйнөдө акыркы суткада 3,7 млн адамдан COVID-19 аныкталды
Дүйнөдө сутка ичинде коронавирусту жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу ЖМКлар ДССУга шилтеме берип жазышкан.
ДССУнун маалыматына ылайык, кайрадан антирекорд коюлду, акыркы 24 саатта ооругандардын саны 3 млн 777 миң 104 адамга өстү.
Пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 5 млн 560 миң 718 адамды түздү. Акыркы 24 саатта COVID-19дан 8 миң 741 адам каза болду.
Вирус жуктургандардын көбү АКШда – 67 млн 437 миң 353, андан кийин Индияда – 38 млн 218 миң 773, Францияда – 14 млн 779 миң 277 адам аныкталган.