Жаңы төрага Ак үйдү оңдоого демөөрчүлөр чыгып жатканын айтты

Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы тополоңдо талкаланган парламент имаратынын чыгымын эсептөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ал комиссияны вице-спикер Мирлан Бакиров жетектейт. Төрага Талант Мамытов имарат ичиндеги кеңселерди депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге бар экенин билдирди.

Ак үйдү оңдоп-түзөөгө демөөрчүлөр жардам беришет. Бул тууралуу төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, имараттын техникалык жабдуулары көбүрөөк зыян тарткан.
«Азыр көптөгөн депутаттар иш бөлмөлөрүн оңдоп башташты. Мындан тышкары, айрым демөөрчүлөр өз жардамдарын сунушташты. Эң көп талкаланган – бул жабдуулар. Компьютерлер, микрофондор жана видеокамералар бузулган ”, – деди Талант Мамытов.
Мамытов демөөрчүлөр кимдер экендигин жана алар кайсы компаниялардын же ишканалардын өкүлдөрү экендигин так айткан жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru