Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул туурауу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, “үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru