Жайыл бириккен аймактык ооруканада оңдоо иштери башталат

Жайыл бириккен аймактык ооруканасында жугуштуу оорулар жана стерилизация бөлүмдөрүнүн имараттары оңдолот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт. Маалыматка караганда, жумушка 11 миллион 835 миң 890 сом сарптоо пландалууда. Эске салсак, буга чейин Токмок аймактык ооруканасы жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоо үчүн тендер жарыялаган. Ана 12 миллион 411 миң 984 сом сарпталат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru