народный

Жайыл районунда эки унаа сүзүшүп, 51 жаштагы эркек каза болду

Бүгүн, 19-январда Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) Honda Stepwgn жана Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т. уулу А. аттуу эркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru