Жакшылык Бердибек уулу, журналист: “Абдиль Сегизбаев Текебаевди далили жок 3 жыл куугунтуктаган”

Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, журналист Жакшылык Бердибек уулу “коом.пресс” сайтына айтып берди.

“Мен азыркы Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш иши боюнча аны таза же күнөөлүү деп айта албайм. Сегизбаев өзү дагы “мага кылмыш иши козголоорун билгем. Бирок, бул иш деп ойлогон эмесмин”-деген мааниде айтты. Чынында Атамбаевдин убагындагы Белизгейт, Маевскийгейт деген афералык кылыктары үчүн кылмыш ишин ачып, коомго ачыктап териштирсе болот. Далил жок эле Текебаевди үч жыл камап, куугунтук кылбадыбы? Бул Ата Мекен партиясы же Текебаевге гана эмес мамлекетке, элге зыяны тийди да. Ал эми азыркы Кой-Таш айылынан ижарага жер алды деп кылмыш ишин козгогону анча окшошпой калды же балким азыркы бийликтин биринчи эскертүүсү болушу ыктымал Сегизбаевге карата. Анткени, Абдил Сегизбаев УКМКны үч жыл башкарды. Көп саясатчылардын көп маалыматтарын билет. Шайлоо учурунда Садыр Жапаровго каршы катуу сокку ура алган ушул киши болду. Эгер Сегизбаев айтылган жерди кызматта эмес кезинде ижарага алган болсо анда бул козголгон кылмыш иши азыркы бийликтин куугунтугу деп айта алам. “Коррупция” эмес башка берене менен иш ачылмак. Тергөөнү, эки тараптын маалыматтары жарыяланышын күтө туралы»-дейт журналист.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru