Жакшылык Бердибек Уулу, журналист: “Садыр Жапаровдун шансы көп…”

Бул тууралуу журналист өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты:

“ – Негизи көп добуш алат деп эсептелген талапкерлердин сап башында Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров экөө. Муну моюнга алыш керек. Садык Шер-Ниязды дагы колдогондор көп, маданият, интелигенция өкүлдөрү айрыкча көп колдойт. Садык Шер-Нияз акыркы 10 күн аралыгында кандай гана маселе болбосун ой-пикирин ачык айтып, кыргызды мигрант кылып тентиткен, коррупциянын фундаментин түптөгөн Президенттик башкаруу жана анын Конституциясынын кайтып келишине ачык каршы чыкты. Бул анын рейтингин көтөрүп, жарышта улам + алып жатат. Анын үстүнө Шер кур жалак аттанган адам эмес, ал маданиятты, кино тармагын, көк бөрүнү өнүктүрүүгө эң көп салым кошкон, керек болсо өнүктүргөн деп так кесе эле айтсак болот.

Мыйзамды бузуп, процедураларды сактабастан тез арада Конституциялык реформа кылуу аракети Садыр Жапаровдун бир нече пайыз электоратынан ажыратты, нааразычылыкты күчтөндүрдү. Ушундай процесстен дагы үчөө болсо анда Садыр Жапаровдун президент болуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат”-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.