народный

Жалал-Абад областынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө эмнелер маалым?

Бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов кызматын тапшырат. Анын ордуна Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын башчысы Абсаттар Сыргабаев келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеке булактарга таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүл активге саат 14:00дө тааныштырылат.

Ал эми Н.Мирзахмедов аймактык кабарчыга кызматын тапшырарын ырастады. Абсаттар Сыргабаев буга чейин Барпы айыл өкмөтүн башкарып келген. Ал «Мекенчил» партиясынан №5 тизмеде парламенттик шайлоого өз талапкерлигин койгон. Ал Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени коомчулукка белгилүү.

Булак: Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru