Жалал-Абад облусуна коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун жайылышына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Лола Абибова билдирди. Анын айтымында, коомдук тамактануу түйүндөрү (кафе жана ресторандар) саат 18.00гө чейин гана конокторду кабыл алат. Мындай чечим COVID-19 менен күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйынында кабыл алынды. Жергиликтүү калк арасында коронавирустун жаңы учурларынын көбөйүшү көптөгөн коомдук иш-чаралардан жана адамдардын саны көп жерлерге баргандан кийин катталат. Көптөгөн ресторандар менен кафелердин ээлери буга чейин бир нече жолу эскертүү жана айып пул алышкан, бирок алар тойлорду өткөрүүнү токтотушкан жок. Эми ресторан ээлери мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Март айынан бери республикада пневмониянын 60 миң 774 учуру катталды

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru