Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок

Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров маалымдады.

“2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265 өрт кырсыгы катталган, ал эми өткөн жылы ушул эле аралыкта 355 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган. Быйыл өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттү өчүрүүдө 2 адам өмүрү жана 877 млн 218 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган”, – деди ал.

Болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 18 млн 708 миң 323 сомду түзгөн.

Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

– электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан –89 (33,6%);

– отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 30 (11,3%);

– балдардын от менен ойноосунан – 44 (16,6%),

– мештерди жана морлорду колдонууда этиятсыздык – 14, (5,3%);

Өрт болгон негизги обьектилер:

– турак жай сектору – 181 (68,3%)

– автоунаа, гараж, – 30 (11,3%)

– ачык аймак – 18 (6,8%)

-өндүрүш обьектилери – 9 (3,4%)

– кампалар, соода бөлмөлөр 7 (2,6%)

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

– Жалал-Абад шаарында -28;

– Кара-Көл шаарында- 8;

– Майлуу-Суу шаарында-7;

– Таш-Көмүр шаарында -15;

– Аксы районунуда- 22;

– Ала-Бука районунда- 14;

– Базар-Коргон районунда- 21;

– Ноокен районунда -43;

– Сузак районунда -71;

– Тогуз-Торо районунда -4;

– Токтогул районунда -26;

– Чаткал районунда- 6 өрт кырсыгы катталган.

Жалпы 265 өрт кырсыгынан 181 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru