Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абадда жер титирөө катталды, – деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-ноябрда түнкү саат 01:40та катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Жетиген, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru