Жалал-Абад району суусуз калды
Жалал-Абад шаарынын кичи райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков 24.kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бүгүн суу түтүгү үзгүлтүккө учурады, буга байланыштуу Спутник жана Көк-Арт кичи райондорунда суу болбойт.
«Бүгүн эртең менен кырсык болгонуна байланыштуу кварталдардагы суу өчүрүлдү. Көйгөй чечилгенден кийин күйгүзүлөт. Шаардыктардан түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз », – деди ал.