Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты
Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык кеңештин маалымат кызматы таратты:
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев калаадагы аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө жардам берди. Учурдагы кырдаалда азык-түлүк жагынан кыйналып жаткан үй-бүлөлөргө ун жана башка азыктарды, медициналык беткап таратты. Андан тышкары блокпосттордогу атайын кызматтардын өкүлдөрүнө жана медицина кызматкерлерине түшкү тамак жеткирип берди”-деп айтылат маалыматта.