Жалал-Абад шаардык соту 7,6 жылга эркинен ажыратты

Жалал-Абад шаардык соттун өкүмү менен спортчу Шухратбек Абдураимов 7,6 жылга эркинен ажырады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 8-март күнү Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын 29 жаштагы тургуну каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары кикбоксинг боюнча чемпионаттарга катышып жүргөн Шухратбек Абдураимов кармалган.

Ал Жалал-Абад шаардык соттун өкүмү менен Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (Денеге оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле, эсептик көрсөткүчтүн 900 өлчөмүндө (90 000 сом) айып салынды.

«Инибизди өлтүргөн жаран качып жүрүп табылды. Кикбоксинг боюнча машыгып, бир катары мелдештерге чыгып жүргөнүн билдик. Күчүн сырттагы балдардан эмес, спорттон чыгарышы керек болчу. Башкысы сот аны камады», – дешет маркумдун жакындары.

Шухратбек Абдураимов 28-майда кармалган.

Булак: Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru