народный

Жалал-Абад шаарына баасы 4 миң сомдон болгон дагы 46 тонна көмүр келди

Жалал-Абад шаарына баасы 4 миң сомдон болгон дагы 46 тонна көмүр келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда. Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru